• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий байланыштарын кеңейтүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын сүрөтчүлөр чыгармачылык союзунун төрагасы Ибрагим Валиходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар маданият жана искусство тармагындагы, ошондой эле эки өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин, биргелешкен көргөзмөлөрдү үзгүлтүксүз негизде уюштуруу менен бул байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы чыгармачылык алакаларды арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Элчи М.Жаманбаев эки өлкөнүн маданият жана искусство тармагындагы салттуу достук байланыштарын белгилеп, бул багытта өз ара кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын сүрөтчүлөр чыгармачылык союзу менен Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу меморандумга кол коюуну иштеп чыгууну, ошондой эле эки өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жана алмашууларды кеңейтүүгө, сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий