• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экологиялык дипломатия жана билим берүү маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Еврокомиссиянын климатты коргоо жаатындагы саясатты эл аралык интеграциялоо жана координациялоо боюнча директоратынын жана билим берүү, жаштар, спорт жана маданият боюнча директоратынын жетекчилери И.Слингенберг жана В.Хоффманн менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык жолугушуу кечээ, 12-февралда Брюссель шаарында болду.

И.Слингенберг менен жолугушууда Кыргыз Республикасынын тышкы саясий приоритеттеринин катарында турган климат жана экология жаатындагы кызматташууну арттыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков экологиялык көйгөйлөрдү практикалык чечүүгө багытталган экологиялык дипломатия багытында КР ТИМ күч аракетин арттыра баштаганын белгиледи.

Ал эми В.Хоффманн менен жолугушууда тараптар КР менен ЕБнын ортосунда билим берүү тармагында өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу боюнча пикир алмашты. “Erasmus” жана “Erasmus+” программаларынын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.

Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн университеттеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү, ошондой эле жогорку окуу жайларынын дараметин жогорулатууга жардам берүү боюнча маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий