• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жогорулоодо

Коом 0

Бишкек, 03.04.23./Кабар/. Бүгүн, 3-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 960 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 301 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 167 куб метрди түзүүдө.

Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий