• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Коом 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. 9-февралдан 11-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Төмөнкү ашууларда да кар көчкү түшүү коркунучу бар:

  • Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
  • Бишкек-Ош унаа жолунун198-265-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуу ашуусу );
  • Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымдарында, (Өтмөк ашуусу);
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымдарында;
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 2-чакырымында.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий