• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июль күнү өлкө боюнча 136 335 м² имараттар, 110 615 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 73 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 1800 имараттын сырты дезинфекцияланып, 80 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 9 400 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 170 кг хлор колдонулду.

Талас облусунда 6000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 23,64 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 60 835 м² ичи сырты жана 82 215 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып 29 кг хлор колдонулду;

Ош облусунда 52 500 м² имараттын ичи сырты жана 5000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

Бишкек шаарында 21 200 м² имараттын ичи сырты жана 8000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 95 литр суюк хлор колдонулду.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий