• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токтогул жана Тогуз-Торо райондук милициясы алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад областтык милициясы жергиликтүү бийлик жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте коронавируска, суу кырсыктарына каршы профилактикалык иштерди улантууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБи тарабынан жайкы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында текшерүү жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери район аймагындагы сууга түшүүчү жайларды кыдырышып, кооптуу аймактардан алыс болуу керектиги эскертилди. Ата-энелерге өспүрүмдөрдү аптаптуу күндөрү кароосуз калтырбай, алардын кайда жүргөнүнөн кабар алып туруу зарылдыгы жеткирилди. Ошондой эле сууга түшүүгө мүмкүн эмес жерлерге эскертүү тактайчалары орнотулду.

Ал эми Тогуз-Торо РИИБдин кызматкерлери район аймагында жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин алып барышты. Унаа оңдоочу жана соода жайлары көзөмөлгө алынып, медициналык талаптарды, жеке гигиенаны сактоо зарылдыгы эскертилди. Ар дайым аралыкты сактап, антисептикалык каражаттарды колдонуу менен жугуштуу илдеттин алдын алууга болоору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий