• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камчыбек Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз кезегинде КР УКМК төрагасы мушкерди дүйнөнүн эң күчтүү лигасында ийгиликтүү дебюту менен куттуктап, ага чың ден соолук жана спорттук карьерасында ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Мыктыбек Оролбай уулу Лас-Вегаста (АКШ) өткөн UFC Fight Night турниринде дебют жасап, Сербиялык мушкер Урос Медичти жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий