• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ТМУга мүчө өлкөлөрдүн МКТ орган башчыларынын жыйынынын алкагында жумушчу топтун отуруму өттү

Коом 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар (МКТ) органдарынын башчыларынын жыйынынын алкагында жумушчу топтун VI отуруму болду. Бул тууралу Cанариптик өнүктүрүү министрлигинин (СӨП) басма сөз кызматынан билдиришти.

КР СӨП башчысынын орун басары Клим Омельченко эксперттик жыйынды ачып жатып, бул иш-чара маалыматтык коммуникациялык технологиялар жаатындагы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-өлкөлөрүнүн өз ара мамилелерин бекемдөөгө өбөлгө боло тургандыгын белгиледи.

"Бүгүнкү иш-чара Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында мындан аркы кызматташууну талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Бул жолугушуу актуалдуу жана жогорку технологиялык демилгелерди илгерилетүүгө жаңы дем берет деп ишенем", - деди ал.

Эртең маалыматтык коммуникациялык технологиялар үчүн жооптуу министрлердин V жолугушуусу өтөт.


Маалымат үчүн: Түрк мамлекеттеринин уюму түрк элдеринин ар тараптуу кызматташуусун көздөгөн Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстанды бириктирген эл аралык уюм. Ал 2009-жылдын 3-октябрында түзүлгөн.

Макулдашууга ылайык, өлкөлөр тышкы саясат маселелеринде бирдиктүү позицияны карманууга, терроризмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аракеттерди координациялоого, соода жана инвестициялар үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө, көп тармактуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга, илим, технология, билим берүү жана маданият чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө тийиш.

2021-жылдын 12-ноябрында Стамбулда уюштурулган Түрк кеңешинин лидерлеринин VIII саммитинде Түрк кеңеши расмий түрдө Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталышы өзгөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий