• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сеулда Кыргызстан жана Кореянын парламент төрагалары жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 23-февралда Сеул шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кореянын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Ким Чжин Пхё менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, айрыкча парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев алгач расмий иш сапар менен Кореяга келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Улуттук ассамблеянын төрагасы Ким Чжин Пхёго ыраазычылык билдирип, 31 жыл мурун түптөлгөн дипломатиялык алака мындан ары да жигердүү өнүгөрүнө ишеним артарын кошумчалады.

“Корея өнүккөн экономикасы, заманбап өндүрүшү менен дүйнөгө белгилүү. Андыктан биз сиздердин өлкөнү өнүктүрүүдөгү тажрыйбаңыздарга жана улуттук баалуулуктарга негизделген реформаларыңыздарга кызыкдарбыз”,– деди төрага.

Муну менен катар Түштүк Корея мамлекети Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларга, анын ичинен шайлоо өнөктүктөрүнүн ийгиликтүү өтүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жаткандыгын баса белгилеп, Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги аркылуу ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы акыркы жылдары парламенттер аралык байланыштар да жигердүү өнүгүп жатканын айтып, Улуттук Ассамблеянын мурунку төрагасы Пак Бён Соктун 2021-жылы Кыргызстанга жасаган расмий иш сапары жемиштүү болгонун эске салды.

“Биз туруктуу кыргыз-корей парламенттер аралык диалогун калыптандырууну көздөйбүз. Анткени парламенттер ортосундагы тыгыз алака мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоонун уникалдуу ыкмаларынын бири болуп эсептелет. Ага ылайык, парламенттеги тармактык комитеттер жана депутаттык достук топторунун алкагында да байланышты кеңейтип, эки тараптуу иш сапарларды активдештирүү учур талабы”,– деген төрага Нурланбек Шакиев Ким Чжин Пхёну Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Андан тышкары жолугушууда соода жүгүртүүнүн көлөмүн жогорулатуу жана эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселелери талкууланды. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин төрагасы кыргыз жарандарына виза берүү процессин жеңилдетүүгө өзгөчө көңүл буруп: “Виза берүү шарттарынын жеңилдетилиши эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, мындан аркы байланыштарды жаңы деңгээлге көтөрөрү анык”, – деди.

Өз кезегинде Улуттук ассамблеянын төрагасы Ким Чжин Пхё кыргыз-корей тили Алтай тектүү экенин мисал кылып, эки элди байыркы тарыхый байланыштар жакындатып турарын кошумчалады. Муну менен катар Кыргызстан Кореянын Борбор Азия чөлкөмүндөгү негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, ар тараптуу алакаларды арттыруу менен калыптанган кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине токтолду. Ошондой эле жолугушууда айтылган бардык сунуш-пикир маанилүү экенин, анын ичинен виза берүү процессин жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган демилге тиешелүү мекемелер менен бирге караларын билдирди.

“Ар бир сунуштун ийгиликтүү ишке ашуусу үчүн парламенттер аралык кызматташтыктын ролу чоң. Андыктан сиздин иш сапарыңыз 31 жылдык алакабыздын жаңы барагын ачып, байланыштарыбызды кеңейтүүгө салым кошот деген үмүттөмүн. Айрыкча Жогорку Кеңеште Корея менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобу да бар экени кубандырды. Бул жаатта да тыгыз кызматташуубуз кажет”, – деди Ким Чжин Пхё.

Жолугушуунун соңунда төрага Нурланбек Шакиев баштаган делегацияга Кореянын Улуттук ассамблеясынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилип, жыйындар өтчү залдары көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий