• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Раззаков шаарында сел кырсыктарынан коргоо чаралары башталды

Аймак 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Баткен облусунун Раззаков шаарында сел коркунучунан коргоо аракеттери колго алынды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аталган шаарга караштуу Тайлан айылынын Шапкырт-Сай участкасында 80 метр аралыкта 120 даана габион торчолорун орнотуу, сай жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.

Иштер толугу менен бүткөрүлсө, Раззаков шаарынын Тайлан айылындагы 3 турак жай жана 100 метр ички чарбалык жол сел кооптуулугунан корголот.

Пикир

Оставить комментарий