• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Базар-Коргон районунда кышка даярдык кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Базар-Коргон районунун Жаңы-Турмуш айылындагы 35/10 кВ «Дзержинский» көмөк чордону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 10 кВ 4 даана заманбап вакуумдук өчүрүп-жандыруучу тетиктер жана релелер коюлууда. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы вакуумдук өчүрүп-жандыруучу аппарат 45 миң жолку авариялык өчүп-жанууга туруштук берет. “Ал эми эски май өчүргүчтөрдө 12 жолку авариялык өчүп-жануу катталса, кайра оңдоону талап кыла турган”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, ушул эле көмөк чордондо жайгашкан 4 фидерге жана бир башкаруучу өчүрүп жандыргычка 5 даана БЗП-1 үлгүсүндөгү реле орнотулууда. Анын кызматы көмөк чордондо болуп жаткан авариялык өчүүлөрдү автоматтык түрдө каттайт, ичинде коргонуу функциялары бар.

Белгилей кетсек, 10 кВ вакуумдук тетиктер 35/10 кВ «Промышленная», «Дзержинский», «Чолпон-Ата» жана 35/6 кВ «Камалдин» көмөк чордондорунда алмаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий