• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 60%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 07.01.20. /Кабар/. Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оорукананын долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелген.

Учурда имараттын пайдубалы, темир конструкциялары орнотулду, жылытуу системасы жана ички суу түтүктөрдү бүткөрүлдү.

Ошондой эле терезе-эшиктерди, чатырды орнотуу иштери аяктоодо

Мындан тышкары жасалгалоо жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий