• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лейлекте сел жүрдү — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Лейлекте сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-август күнү саат 16:20 чамасында Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек айыл аймагынын Ак-Терек айылында жайгашкан 10 турак үйдүн ичине суу кирип, 20 турак үйдүн короолорун каптаган, ички жолдорду жана арыктарды кум-шагылга толтурган. Катраң айыл аймагынын Катраң айылында 17 турак үйдүн ичине суу кирип, 23 турак үйдүн огороддорун каптаган, Тогуз-Булак айыл аймагынын Миң-Жыгач айылында 2,5 чакырым ички чарбалык унаа жолду жана 2,5 чакырым арыкка кум-шагыл толуп калган.

Мындан сырткары, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 317-322-чакырымын суу каптаган.

Жерине 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн, 7-август күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий