• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сары-Кыр ашуусундагы электр өткөрүүчү линия оңдолду - Кыргызстан улуттук электр тармагы

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын кызматкерлери 3000 метр бийиктиктеги Сары-Кыр ашуусуна чыгып, электр өткөрүүчү линияны оңдошту. Бул туурасында аталган компаниянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Нарын жана Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасына туташкан Урумбаш-Жетиген110 кВт бөлүгү марттын соңунда (2020-жыл, 28-март) катуу шамал менен борошологон кардын кесепетинен иштен чыккан.

Ашууга аба ырайынын катаал шартынан улам жетүүгө кыйын болгондугуна байланыштуу, авариялык калыбына келтирүү иштери күндүн жылышы менен башталган. Бул ишке атайын беш техника жана аталган ишкананын Нарындагы филиалынын бригадасы тартылган.

Жолду 3 метрлик тоңгон кар көчкүдөн тазалоо үчүн эки күн керектелсе, электр линиясынын иштен чыгып калган жерин үч күн издеп, кечээ, 1-июнда, Урумбаш-Жетиген кайрадан иштей баштады.

Пикир

Оставить комментарий