• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешине эң жаш депутат келди

Аймак 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешине эң жаш депутат келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, буга чейин депутат Бахадыр Исмаилов өз арызынын негизинде мандатын тапшыргандыгына байланыштуу, анын ордуна “Өнүгүү” фракциясынан Канатбек Турдукулов депутаттыкка киришти. Бүгүн шаардык кеңештин кезексиз сессиясында аны төрага Айбек Жолдошев кесиптештерине тааныштырып, ийгилик каалоо менен бирге төш белги жана күбөлүк ыйгарды.

Канатбек Турдукулов 26 жашта. Билим жогорку. Ош мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин аяктаган. Үй-бүлөлүү 2 баланын атасы. 2017-жылдан тарта Жалал-Абад шаарында жеке ишкердик менен алектенип келген.

Өткөрүлгөн сессиянын алкагында, шаардык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссия курамдарына өзгөртүү жана толуктоолор да киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий