• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тогуз-Тородо өрттөнгөн мектеп авариялык абалда болгон. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Тогуз-Тородо өрттөнгөн мектеп авариялык абалда болгон. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 16-ноябрынан 17-ноябрына караган түнү саат 12.00дөр чамасында Тогу-Торо районунда жайгашкан М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин кошумча корпусунун чатырынан өрт чыккан. Өрттүн натыйжасында имарат толук күйүп кеткен.

Аталган мектеп 1972-жылы фин тибинде салынган. 2014-жылы Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы мектептин имаратынын техникалык абалын изилдеп чыгып, пайдаланууга жараксыз деген тыянак чыгарган.

2016-жылы жалпы сметалык баасы 43 млн сомду түзгөн 225 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Буга чейин имараттын дубалдары тургузулуп, биринчи кабатынын терезелери коюлуп, ички шыбагы бүткөрүлгөн. Азыркы учурда мектептин чатыры жабылып жатат. Жалпысынан курулуш иштери 65 пайызга бүткөрүлгөн.

Жаңы мектептин курулушу аяктай электигине байланыштуу, буга чейин окуу процесси эски мектептин эки корпусунда 1 нөөмөттө жүргүзүлүп келген. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, мындан ары окутуу эски корпустардын биринде эки нөөмөттө улантылат, башкача айтканда, окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 239 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенип жатат.

Ушул тапта өрттүн чыгуу себептери иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий