• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Муканова: Жаңы концепция паракор аткаминерлер кайрадан мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербейт

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Күн мурун Садыр Жапаров президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда 2021-2024-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы стратегия каралды.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканованын айтымында, эки негизги багыт камтылган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жаңы концепция иштелип чыкты.

“Сунушталып жаткан концепцияда бардыгын камтуу мүмкүн эмес, бирок дээрлик бардык тармактарды, анын ичинде мамлекеттик структуралар да каралды. Андагы эки негизги багыт: коом жана мамлекеттик структуралар камтылды. Концепцияда так жазылды, ишти укук коргоо органдары жана сот системасы жүргүзүп, коррупцияга айыпталгандар жазасыз калбашы керек. Башкы прокуратура жана сот системасы муну камсыздап бериши керек. Калган мамлекеттик органдарда көптөгөн тыюу салуулар жана чектөөлөр болушу керек”, - дейт ал.

Муканова коррупцияга шектелгендер, тергөө менен кызматташып зыяндын ордун толтурган учурда дагы мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол берилбеши керектигин белгилейт.

“Коомдо коррупцияга чыдамдуулук менен мамиле жасашат. Элдин бийликке ишеними сот системасы аркылуу жүрөт эмеспи. Сот жыйындарын ачык кылуу сунушталган. Жарандар жыйындын аудио, видеолорун үйдө отуруп көрүшү керек. Бул 2013-жылдан бери мыйзам тарабынан уруксат берилип келет, бирок системанын өзүндө катачылык болууда”, - дейт ал.

Башкы катчы ошондой эле коррупция фактысын билдирген жарандарган сый акы каралып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий