• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кореяга кыргыз жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Чхунчхон-Намдо провинциясынын Чхонъян уездинин айыл чарба саясатынын директору Ким Дёк Хван жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи А.Исмаилова Кыргызстандын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Элчи КР жарандарынын чоң эмгек потенциалын жана КР жарандарынын Кореяда ишке орношууга болгон кызыгуусун белгиледи.

Кыргыз тарап зарыл болгон учурда бул маселе боюнча эки тараптуу тийиштүү келишим түзүү, анын ичинде Кореяга ишке жөнөтүүдөн мурун жарандарды алдын ала даярдоо мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде, Чхунчхон-Намдо провинциясынын Чхонъян уездинин айыл чарба саясатынын директору Ким Дёк Хван корей тараптын кыргыз тарап көтөргөн маселени карап чыгууга, ошондой эле тийиштүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Элчилик Кореянын башка провинциялары жана райондору менен Кыргызстандын жарандарын сезондук айыл чарба иштерине тартуу боюнча активдүү иштерди улантууда.

Пикир

Оставить комментарий