• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда бир жаран үчүн бир айыл карантинге алынды – облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда талаптарга баш ийбеген бир жаран үчүн бир айыл карантинге алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Мирзахмедовдун айтымында, Аксыда Россиядан "Жүк-200дү" коштоп келген жаран 31 адам менен байланышта болуп, алар үй карантинине алынган.

"Ал адам Россиядан "Жүк-200дү" коштоп келген. Азыр бир айыл карантинге алынып, айылдан сыртка эч ким чыгралбайт. 31 адам көзөмөлгө алынды", - деп, ал жарандарды санитардык эрежелерди сактоого, медицина кызматкерлеринин айткандарын аткарууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий