• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөчө абал режими: Жалал-Абадда коменданттык саатты бузган 26 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коменданттык саатты бузган 26 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда абал туруктуу. Жалал-Абад облусунда 27-марттын саат 20:00дөн тартып 28-март таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 26 жаран кармалды. Алардын ичинен Жалал-Абад шаары - 20, Сузак району боюнча - 6 адамды түздү.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында коменданттык саатты 157, Ош шаары боюнча - 21, Кара-Суу районунда - 15, ал эми Ноокат району боюнча 4 жаран бузган.

Учурда өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 58ге жетти.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам саат 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий