• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: Ноокатта каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди, катышкан адамдар обсервацияга жаткырылды

Аймак 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Ноокатта коронавирус жуктуруп алып, каза болгон жарандын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан 87 жаштагы жаран каза болгон.

Нурдиновдун айтымында, сөөктү жерге берүүгө саналуу гана адам катышты. "Каза болгон жарандын сөөгүн жерге берүү үчүн маалым кат берилет экен. Анын негизинде 87 жаштагы жарандын сөөгүн көмүүгө аз эле киши катышты. Ал катышкан кишилердин баары обсервацияга киргизилди", - дейт ал.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий