• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Тажикстанга гуманитардык жардам жөнөттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Өзбекстан коронавирустун алдын алууга көмөктөшүү максатында Тажикстанга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу УзА маалымат агенттиги кабарлады.

Гуманитардык жардам жүктөлгөн поезд 9-апрелде Өзбекстандын Сурхандарыя облусунан Душанбеге жөнөп кетти.

«Жардамдын курамында коргонуу комбинезондору, көз айнектер, суюк натрий гипохлорити, респираторлор, кол каптар жана ун бар», — деп жазылган агенттиктин билдирүүсүндө.

Өзбекстан коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу буга чейин Кытайга, Иранга, Афганистанга жана Кыргызстанга гуманитардык жардам берген.

Тажикстанда расмий коронавирус жуктуруп алган адамдар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий