• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистанда коронавирус жуккан кыргызстандык жаран каза тапты, алтоо обсервацияда жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Пакистанда коронавирус жуктуруп алган кыргызстандык жаран каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Пакистанда У.А. аттуу 1947-жылкы кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапкан, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган.

"Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен. Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду. Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда", - деп айтылат маалыматта.

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 298ге жетти. Алардын ичинен 39у дарыгер. Коронавирустан 39 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий