• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жаңы имараты курулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулууда

Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришкендей, облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында курулуш иштери бүткөрүлөт. Курулушка 300 млн сом акча каражаты бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келген.

Эскертке кетсек, аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Пикир

Оставить комментарий