• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өткөн жылы Баткен облусунун аймагында 3 көпүрө курулуп, 67 объектиде иштер бүткөрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2021-жылы Баткен облусунун аймагында 3 көпүрө курулуп, 67 объектиде иштер бүткөрүлгөн.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликтин Баткен облусу боюнча башкармалыгы 2021-жыл ичинде аткарылган жумуштар боюнча жыл жыйынтыгын чыгарды. Аны менен катар облустук жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жүзөгө ашкан иш-аракеттер да коомчулукка жеткирилди.

Маалым болгондой, жыл башында КР президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Коопсуздук-2021” машыгуусу жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда уюштурулуп, аталган иш-чара өз максатына жетти.

"Ошондой эле облуста жыл ичинде 497 кырсык катталган болсо, анын алтоосу өзгөчө кырдаал болгон. Ал эми Баткен районунун Газ, Лейлек районунун Ак-Терек айылында болгон сел кесепеттери учурунда өздүк курам жеринде кечиктирилгис ыкчам аракет көрүп, жыл соңунда 3 көпүрө курулуп бүткөрүлдү. Жалпы жонунан өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын куткаруу иштерине чыгуусу менен жалпы суммасы 595 млн сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасында 28-30-апрель күндөрү катталган кагылышууда облус боюнча 40 миң 649 жаран эвакуацияланып, талкаланган 220 объект, 138 турак үйгө КР ӨКМнен 305 куткаруучу, 18 инженердик техникалар тартылды. Күйгөн үйлөр толук тазаланып бүткөрүлүп, 32 көчмө турак үй, 61 чатыр тигилип берилген.

КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларында жалпы 67 объектиде толугу менен жумуш аткарылды.

Жыйындын жүрүшүндө маалым болгондой, Жарандык коргонуу кызматтары жыл жыйынтыгын чыгаруу менен бирге эле 2022-жылга жана жаз-жай мезгилдерине карата иш мерчемин карап чыкты.

КР ӨКМ Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы О.Пазылов белгилегендей, жарандык коргонуу кызматынын жетекчилеринин алдында жооптуу милдет турат.

"Эң башкы маселелердин бири, кооптуу аймакта жашаган калкты көчүрүү иштери натыйжалуу аткарылбай жаткандыгы эскертилди. Ошондой эле жаз-жай мезгилине карата даярдык иштерин колго алуу, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам табият кырсыктарынын алдын алуу зарылдыгы турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий