• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөндө жаңы мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Ош, 23.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өзгөндө жаңы заманбап 526 орунга ылайыкташкан А.Навои атындагы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, имаратка капсула салуу иш чарасында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, ЖКнын депутаты Нодирбек Каримов, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Ош облусу боюнча 150 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат: Өзгөн районунда 39 мектептин курулушу жүрүп, анын алтоосу колдонууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий