• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда оппозициячыл топторду бириктирген коалиция ишин токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 23.08.17. /Кабар/. Өлкөдө тыюу салынган бир катар оппозициялык топту бириктирген Тажикстандын конструктивдүү күчтөрүнүн когресси 21-августта ишмердүүлүгүн токтотконун билдирди.

Конгресстин билдирүүсүндө коалициянын лидери Додожон Атовуллоев органдын мүчөлөрү менен кеңешпестен өз алдынча чечим чыгарууга айыпталып, анын Тажикстан бийлиги менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткандыгы да айтылган. Анда уюмдун ишмердүүлүгү менен катар интернеттеги Zello телеканалынын берүүлөрү да токтотулганы жазылган.

Конгресс башчысынын мурдагы орун басары Шарофиддин Гадоев коалиция өзүн-өзү таркатканын ырастап, ал өзүнүн саясий максаттарына жете алабаганын билдирди.

Өз кезегинде Додожон Атовуллоев бул билдирүү ал үчүн күтүүсүз болгонун жана конгресстин президиумунун жыйынына чакырылбаганын айтып, Шарофиддин Гадоевди өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясын колдоого айыптады.

Ал президенттин жакындары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастап, мекенине кайтып келүүнү каалай турганын жана бул бийликке багынып берди дегенди түшүндүрбөстүгүн айтты.

Тажикстандын конструктивдүү күчтөрүнүн конгресси 60-70 оппозициячыны бириктирген. Алардын активдүүлүгү негизинен социалдык түйүндөр жана радиоберүүлөр менен гана чектелген.

Пикир

Оставить комментарий