• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сентябрда Астана шаарында өтөт (тизер)

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрь аралыгында Астана шаарында өтөт, деп билдирет Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги.

Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт: Анын ичинде:

  • ат чабыш;
  • күрөштүн улуттук түрлдөрү;
  • салттуу интеллектуалдык оюндар;
  • согуш өнөрү боюнча мелдештер;
  • ок атуу;
  • канаттуулар менен аңчылык;
  • ат үстүндөгү мелдештер;
  • элдик оюндар;
  • спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр.

"Астанада "Көчмөндөр ааламы" этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат", - дешет уюштуруучулар.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну "Улуу талаадагы жолугушуу" (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий