• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда 27 жашка толгон жарандарды аскерге чакыруу өнөктүгү күч алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 02.05.19 /Кабар/. Түркмөнстанда 27 жашка толгон жарандарды аскерге чакыруу өнөктүгү күч алды. Маасалык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, чет өлкөдө окуп жүрүп мекенине эс алууга келген жигиттерди түз эле аэропорттон армияга алып кетишүүдө.

Ата-энелер балдарына окуу аяктаганга чейин Түркмөнстанга келбей турууну айтышууда.

Түркмөнстанда 27 жашка толгон жигиттер аскерге барууга милдеттүү, бийлик жаш куракты 35ке чейин көтөрүү маселесин кароодо. Түркмөнстан мыйзамдарына ылайык, эки же андан көп балалуулар аскерге чакырылбайт. “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, бул чектөө дагы алынышы ыктымал.

​Бирок бул маалыматты Түркмөнстан Коргоо министрлигинен тастыктоого мүмкүн болгон жок.

27-апрелде «Turkmen.news» агенттиги аскерге чакырылуучуларга “аңчылык” жарыяланганын жазган. Басылманын билдиришинче, аскер комиссариаттары миграция кызматы менен бирге уландардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө тыюу салууда.

Мартта Ашхабад шаарынын аскер комиссариаты ата-энелерге кайрылып, жоокердик милдетин өтөө үчүн чет өлкөдө окуган балдарын мекенине кайтарууну талап кылган.

Пикир

Оставить комментарий