• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Самара поездинде Россиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын чек арачылары Россиянын жасалма паспорту менен жүргөн жаранды кармады. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы кабарлайт.

Ведомствонун маалыматына ылайык, “Кайыңды-темиржол” көзөмөл-өткөрүү жайынын чек ара кезмети “Бишкек - Самара” каттамындагы поезддин жүргүнчүлөрүн паспорттук көзөмөлдөн өткөрүү учурунда толугу менен жасалма белгилери бар Россия Федерациясынын чет элдик паспортун көрсөткөн жаранды аныктаган.

Тиешелүү документтер толтурулган соң, андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн кармалган жаран компетенттүү органдардын аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий