• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы судья Жаркееванын иши. Отурумга күбө Воинов келди

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 3-мартта Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумга күбө Воинов өзүнүн адвокаты менен келди. Ал бөлүнгөн иш боюнча айыпталуучу катары өтүп жаткандыктан күбө катары көрсөтмө бере албастыгы боюнча маселе көтөрүлдү. Воиновдун жактоочусу билдиргендей, келишимге ылайык, ал аталган процесс боюнча күбө катары өтө албайт, бул келишимде көрсөтүлгөн. Бирок, келишимдин деталдарын ачыкка чыгара албайт. Өз учурунда прокурор маалымдагандай, Воинов айыпталуучу катары өтүп жаткан иш өзүнчө бөлүнгөн, ошондуктан ал күбө боло алат.

Отурум 10-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий