• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында браконьерлик менен күрөшүү боюнча рейддик иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан көлдүн жээгинен мыйзамсыз балык уулоого шектелип, Григорьевка айылынын 21 жаштагы М.У. аттуу тургуну кармалган. Кармалган жарандан 19 балык жана моторлуу кайык далил зат катары алынды.

Аталган факт Ысык-Көл райондук милициясынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүп берилди. Материалдык зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарга жиберилди.

Алардын корутундусунун негизинде юридикалык баа берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий