• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия-Тынч океан сурдочемпионаты: Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы 1-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Азия-Тынч океан сурдочемпионатында биринчи орунду камсыз кылды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке беш мамлекеттин: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Монголиянын курама командалары катышты.
Командалык эсептин жыйынтыгы боюнча:

1-орун Кыргызстан (5 алтын, 2 күмүш, 2 коло медаль);
2-орун Казакстан (3 алтын, 3 күмүш, 3 коло медаль);
3-орун Иран (2 алтын, 4 күмүш, 3 коло медаль).

Белгилей кетсек, Азия-Тынч океан сурдочемпионаты таэквондо, дзюдо, гек-рим жана эркин күрөшү боюнча өтүп жатат. Мелдеш 2-мартта башталган, 11-март күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий