• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча Дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болду

Спорт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болду.

Сагыналиев 60 килограм салмакта күч сынашып, 5 кармаш өткөргөн. Ал, үчүнчү орун үчүн болгон кармашта азербайжандык Туран Байрамовду жеңген.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий