• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Азия оюндарынын үчүнчү күнүндө 7 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 19.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ашхабаддагы жабык имараттардагы Азия оюндарынын үчүнчү мелдеш күнүндө Кыргызстандык спортчулар ар кандай даражадагы 7 медаль утушту.

Джиу-джитсу боюнча 85 кг чейинки салма категориясында Абдурахманхаджи Муртазалиев алгачкы алтынды алып келди.

Балбандар Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова түркмөн күрөшү боюнча мелдеште күмүш байгеге ээ болушту.

Ошондой эле, спорттун бул түрү боюнча КЕнжебек Шамшижин уулу, Назира Арзыбекова жана Уулкан Алибай кызы коло байгеге татышты.

Буга чейин Ариет Бекишов джиу-джитсу боюнча 62 кг чейинки салмакта коло медаль алган.

Азия оюндарына Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрү боюнча катышууда: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, алыш күрөшү, бильярд спорту, шахмат, спорттук бий, ат спорту – конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак күрөшү, тай боксу, самбо, таэквондо, улуттук түркмөн күрөшү.

Пикир

Оставить комментарий