• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында үч адам сибирь жарасын жуктуруп алган

Аймак 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. Кыргызстанда 31-августа Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында сибирь жарасы аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы билдирет.

Ведомствонун берген маалыматы боюнча, Нарын облусунда чындыгында эле мал союлуп, анда вирус жарасы бар экендиги аныкталган.

Маалыматка ылайык, Нарында Сибирь жарасы же күйдүргү ылаңына шектелип үч киши ооруканага жаткырылган.

Өз кезегинде ветеринардык кызмат тарабынан ыкчам иштер жүргүзүлүп, вирус катталган аймак кылдат текшерүүгө алынган.

Белгилей кетсек, Сибирь жарасы – малдан жугуучу эң коркунучтуу оору. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат. Андан сырткары канды да бузат.

Пикир

Оставить комментарий