• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын ардагерлеринин көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 10.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жана министрдин орун басары Нурбек Абдиев ички иштер органдарынын ардагерлери менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө эң орчундуу маселелер, анын ичинде ички иштер органдарынын ардагерлерине коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдиктерди берүү, көмүр менен камсыздоо, ошондой эле пенсионерлердин актуалдуу көйгөйлөрүнүн бири болгон турак жай жана пенсияны көтөрүү маселелери талкууланды.

Ардагерлердин сунуш-пикирлерин уккандан кийин ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жыйында көтөрүлгөн маселелер жакынкы аралыкта чечилерин убада кылды.

"Биз сиздердин бардык көйгөйлөрдү жана сунуштарды жазып алдык. Жакында ички иштер органдарынын пенсионерлерине жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл болгон чаралар көрүлөт",-деди Улан Ниязбеков.

Пикир

Оставить комментарий