• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБинде көптөгөн жылдар бою тиешелүү оңдоо иштери жасалган эмес - экс-директору

Коом 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Бишкек ЖЭБинде көптөгөн жылдар бою тиешелүү оңдоо иштери жасалган эместигин ишкананын мурдагы директору Лев Васильев ЖЭБдеги аварияны териштирүү боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунда айтты.

“800 миллионго оңдоо иштерин жүргүзүү керек болсо, 400 млн гана жасалган. Электр энергиясынын баасы бизде чыгашалуу, бирок алар экономикалык негизделген болушу керек. Учурда алар көбүнесе социалдык. Албетте, мен түшүнөм, мындай процесстер жакшы жашоодон улам болуп жаткан жок, бирок бул маселелерди карап чыгуу керек”, - деди Васильев.

Анын айтымында, бааны жогорулатууда каражаттар ЖЭБдин ишин генерациялоого жумшалышы зарыл.

“Ошондой эле кадрларды даярдоо маселеси да маанилүү. Мен оперативдик кызматкерлерден канча жыл иштешерин сурадым, алар 12ден 26га чейин экенин айтышты. Бул биз квалификациялуу кадрларды даярдай албастыгыбызды айтып турат. Келгиле анда, Россиянын ЖОЖдорунан адистерди чакырып, биздин университеттерде лекцияларды окуталы”,- деди ал.

Эскерте кетсек, 26-январда кечинде Бишкек ЖЭБде авария болуп, шаардыктардын батирлерине жылуулук берилбей калган. ЖЭБдин иши 2-февралда калыбына келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий