• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жийденин гүлүн бой жетип калган балага жыттатуу өтө зыян

Дүр дүйнө 0

Жийденин даамы таттуу, табияты суук болуп, ал күзүндө сентябрь-октябрь айларында гана бышат.

Жийде адамдын денесин кубаттандырып, нерв системасын дайыма бир калыпта алып жүрөт.

Жийдеде 50-60% жакын кант заты болот. Чет өлкөлөрдө элдер жийдени ашказан оорусун айыктырууга, ич өткөктү токтотууга пайдаланышат.

Мындан тышкары жийдеден спирт чыгарышат.

Бышкан жийдеден уксуска кошуп, анан 10-20 тамчыдан күнүнө эртең менен ичип турса, бул адамдын кубаттуулугунун жогорулатат. Ар кандай жугуштуу оорулардан тумоодон сактайт.

Жийденин гүлүн суу кошуп кайнатып ичсе, ал мээ ооруларына, адамдын деми кыстыкканда, өпкө жараттарына, желди чыгарганга, ашказан ооруларына ж.б.у.с. дарттарга өтө эле пайдалуу.

Жийденин гүлүн бой жетип калган балага жыттатууга болбойт, бул өтө зыяндуу.

Пикир

Оставить комментарий