• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Көп жылдан бери иммунитетти көтөрүү үчүн колдонулуп келген азык айтылды

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Көп жылдан бери иммунитетти көтөрүү үчүн колдонулуп келип, бирок унутта калган жашылча – чамгыр (редька) экендигин фитотерапевт Михаил Лущик билдиргенин Известия басылмасы жазат.

Адистин айтымында, чамгырдын курамында ичеги-карындын иштөөсүнө өбөлгө түзө турган көп сандагы күкүрт бар. Ошондой эле ал организмдеги зыяндуу заттарды жууп кете турган күчтүү жашылча.

Аталган азыкта адамга суук тийгенде сакайта турган В жана С витамини бар.

“Мурун балдарга жана чоңдорго чамгырдын ширесин берип, жылуу жаткырышкан. Ар кандай оору болбосун эртең менен алар сакайып калышчу. Ал эми чамгырдын бал менен аралашмасы адамды дарылоо таасирине ээ”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, чамгырда калий болгондуктан, ал ичегинин иштөөсүн ылдамдатат.

Пикир

Оставить комментарий