• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Эч кандай косметикасыз сулуу болуунун сырлары

Дүр дүйнө 0

Сулуулук боюнча адистер дене бойду жакшы абалда алып жүрүүдө туура тамактануу, спорт менен алектенүү жана косметологго дайыма барып туруу керектигин сунушташат. Бирок, биз бул маалыматта 30 күндүн ичинде тери сыйдаң болуп, тырмак менен чач жылтырап турушу үчүн эмне кылуу зарылдыгын айтып беребиз. Окуп чыгыңыз, балким сизге чындап пайдасы тиет.

Дене үчүн – кызылча салаты

Кызылча канды мыкты тазалайт. Ал эми кандын жакшы болушу менен тышкы келбеттин түз байланышы бар. Анын үстүнө мындай салат ички органдардын иштешине жана теринин абалына натыйжалуу таасир берет.

Туз жана камкаймак скрабы

1 стакан деңиз же тамак-аш тузу менен 1 стакан майлуу камкаймактын аралаштырмасын даярдаңыз. Андан кийин кечки душтан соң денени жуугуч аркылуу аралашма менен сүртүп, жылуу суу менен чайканып алуу керек. Бул ыкманы күнүгө колдонууга болот.

Туз терини дезинфекциялап, өлгөн ткандарды, майда ысыктарды тазалайт. Камкаймак терини азыктандырып, туздун таасирин жумшартып, анын терини тытып кетишинен сактайт. Сезгич териге, жарат же тытык, сезгенүүлөрү бар териге бул скрабды колдонууга болбой турганы эсиңизде болсун.

Тырмак үчүн

Чач жана тырмак жакшы абалда болуусу үчүн – күн сайын 50 грамм жаңгак жеш керек. Жаңгактын өзүңүз жакшы көргөн түрүн тандасаңыз болот: грек, фундук, бадам, мисте ж.б. Жаңгактарда пайдалуу май кычкылдары жана Е витамини көп. Булар сулуулук жана ден соолук үчүн абдан керек.

Чач үчүн – горчица жана май маскасы

Сулуулук боюнча адистер чачка 3 күн горчица маскасын жабууну сунушташат. Аны даярдоо үчүн кургак горчица порошогун өсүмдүк майына аралаштырып, коюу ботко жасайсыз. Суу чачка сүртүп, жарым сааттан соң жууп салуу керек. Масканы туруктуу колдонуунун натыйжасында чачтарыңыз тез өсүп, өзгөчө көрүнүп калат.

Бул масканы төмөнкүлөр үчүн колдонууга болбойт: гипертония учурунда, кош бойлуулар, жүрөк-кан тамыр оорулуулар, псориаз, жара, баш терисинин сезгенүүлөрү барлар жана горчицага аллергиясы бар адамдар.

Беттин териси үчүн

Күн сайын уйку алдында тазаланган териге глицерин менен Е витаминдин аралашмасын тазаланган бетке сүйкөө керек. Аралашманы даярдоо үчүн 30 г глицеринге 10 капсула Е витаминди аралаштыруу кажет. (Капсуланы ийне менен сайып, ичиндегисин сыгып алууга болот).

Аралашманы колдонуунун алдында беттин терисин жумшак щетка менен сүртүп алсаңыз, клеткалар пайдалуу заттарды жакшы сиңирет. Теринин клеткалары азыктанып, бырыштар жазылып, түсү оңолот.

Көңүл буруңуз:

Аралашманы колдонуунун алдында гана жасоо керек;

Глицеринди дарыканадан гана сатып алуу зарыл;

Е витаминге аллергия бар жогун алдын ала текшерип коюу шарт. Ал үчүн дарыны чыканактын ички бетине сүртүп көрүү керек.

Бут үчүн

Кечки жуунуудан соң бутуңузга мята майы кошулган каймак май сүйкөп, байпак кийип жатып алсаңыз болот. Синтетика аралашпаган, пахта же жүн байпак кийүү кажет. Бул ыкма буттун терисин жумшартат. Процедураны бир ай жасаган соң, буттун териси назик болуп калат.

Кирпиктер үчүн

Кирпиктерди азыктандыруу мезгили келди. Туштун бошогон идишин таза жууп алыңыз. Аны кургактап, ага дан буудай данынан алынган майды куюңуз. Күнүгө уйку алдында кирпиктериңизге майды сүйкөп туруңуз. Бир айдан кийин кирипктериңиз калың жана сулуу болуп калганын байкасыз.

Эгерде сиздин өзүңүздүн сулуулук сырларыңыз болсо, биз менен бөлүшүңүз.

Маалымат булагы

Пикир

Оставить комментарий