• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолу убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек 27.02.18 /Кабар/. 2018-жылдын 27-февраль күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунунда алдын ала маалымат боюнча, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 87-88-чакырымында (Чапчыма ашуусу) көлөмү 500м3 кар көчкү түшүп, унаа жол убактылуу жабылган.

КР ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, унаа жолду тазалоого №27 ЖТИден 2 бульдозер тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий