• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стресстин себептери жана андан арылуунун жолдору

Дүр дүйнө 0

Стресс баарынан мурда иммундук системаны бузат. Дайыма стрессте жүргөн адамдар тез эле өң-келбетинен ажырап, жүдөп, арыктап, ооруп калышат. Себеби, стресс кандагы ак клеткалардын (лейкоциттердин) жашоосуна жолтоо болуп, натыйжада иммунитетти түшүрөт. Себеби, лейкоциттер иммунитетти коргоочу клеткалар болуп саналат.

Стресс ар кандай ооруну козгойт. Ал эми ооруну дарылоодо көпчүлүгү антибиотиктерди колдонушат. Мындай учурда иммунитетке доо кетет. Дайыма диета кармап, ачка жүрүү, семиздик же өтө арыктык да иммунитетти түшүрөт. Ошондуктан, өз маалында, бирок өлчөмү менен тамактануу, семирбөө жана өтө арыктабай бир калыпта жүрүү керек. Дене тарбиялык көнүгүүлөрдү аткаруу зарыл, жөө басуу да пайдалуу. Белгилей кетчү нерсе - спирт ичимдиктерди жана алкоголду ашыкча колдонуу ар кандай ооруларды гана пайда кылбастан, иммунитетти жоет, демек стресске алып келет.

Муундардын какшап оорушу да стресске кабылтат. Айрыкча өнөкөт ооруларга кабылуу адамды түздөн түз стресске тушуктурат. Демек, дайыма иммунитетти көтөргөнгө аракет кылуу зарыл. Стресс өөрчүп кетсе, адамдын жашоосуна зыян келтирет. Ал дарыгердин жардамысыз жашай албай калат. Стресс күчөп кетсе олдоксон кыймыл-аракетке, агрессияга, оройлукка, ар нерсени тобокелчиликке салууга, бардык жакындар менен мамиленин бузулушуна, аша чапкан эмоционалдуулукка, акырында өз өмүрүнө кол салууга чейин алып барат.

Узак убакыт жалгыздыкта жашоо, жалгыздыкты самоо да стресске себеп болот. Бул дартка чалдыккандар көңүлү суз тартып, болбогон нерсеге тынчсызданып, абдан кабатыр болушат. Бат жинденип, өзүн өзгөлөрдөн төмөн коюп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калат. Өзүнө болгон ишеним жоголуп, күч-кубаты азайат. Ызы-чууну сүйбөй, бат чарчайт. Жалгыздыкты самайт. Түнкүсүн уйку басат, же тескерисинче уйкусуздук менен жабыр тартат. Бирөөгө бат таарынат, дайыма башы ооруйт, жөнү жок ыйлагысы келип, өзүн алсыз сезет.

Стресске кантип кабылбоо жана андан кантип арылуу керек? Биринчиден,бардык окуяларды, көйгөйлүү маселелерди жеңил кабылдап, ар нерседен кабардар болуп турууга аракет кылуу шарт. Кандай гана милдет жүктөлбөсүн аларды дайыма так аткарып, жакын адамдар, достор, кесиптештер менен мамилени көзөмөлдөп туруу зарыл. Дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, кайгылуу, капалуу маалыматты туура кабыл алганды үйрөнүү керек. Нервге өтө таасир этүүчү жумуштарда иштегендер көңүлдүү эс алууга, үй-бүлө менен бирге убакыт өткөрүүгө, сейилдөөгө жана башка ушул сыяктуу рухий да, дене тарбия жактан да күч бере турган нерселерге убакыт табуу керек.

Маалыматтар интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий