• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Прокуратура калктын аярлуу катмарынын укуктарын камсыздоону күчөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Калктын аярлуу катмарындагылардын укуктарын камсыздоо боюнча иш күчөтүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратуранын кийлигишүүсү менен Талас облусунда жашаган томолой жетим балдар К. А. уулу, М.Б жана Д.А. турак жай куруу үчүн жер тилкелерин алышты.

Мыйзамдарга ылайык, ата-энеси жок жана камкордуксуз калган балдарга турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

Талас шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаардын мэринин наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен өспүрүмдөр К. А. уулу жана М.Б ар бирине 0.6 га жер берилди. Андан сырткары, Манас райондук прокуратурасы ушул эле райондогу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизип, турак жайы жок өспүрүм Д.А. жер тилкесине ээ болду.

Бүгүнкү күндө берилген жерлерди каттоо жана аларга укук таануучу документтерди алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий