• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Россиялык диетолог рактын алдын алган 5 татымалды атады

Дүр дүйнө 0

Россиялык диетолог Татьяна Дик РИА Новостиге маек берип, анда россиялыктарды рактын алдын алуучу 5 татымалды рационго кошууну сунуштады.

Анын айтымында, алар корица, куркума, тимьян, шалфей жана орегано.

Диетолог белгилегендей, бул жыпар жыттуу татымалдар ракка каршы таасири бар жана эркин радикалдар менен күрөшүүчү антиоксиданттарга бай.

“Мындан тышкары, корицанын кандагы кантты төмөндөтүп, жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуучу касиети бар. Ал эми куркума мээнин иштешин жакшыртып, арыктоого жардам берет”, - деди диетолог.

Ошондой эле Дик тимьян суук тийүү ооруларында, шалфей болсо тамак сиңирүүдөгү көйгөйлөрдө жардам берсе, ал эми орегано ичеги-карындын иштешине таасир этерин кошумчалады.

Булак: РИА Новости.

Пикир

Оставить комментарий