• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: ТВЕА компаниясын тандоо боюнча мурдагы президенттен тапшырма болгон – Артыкбаев

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.11.19./Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Учурда мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө.

Ал билдиргендей, мурдагы мамлекет башчыдан (мурдагы президент Алмазбек Атамбаев) иш аткаруучу компания катары ТВЕА компаниясын тандоо боюнча кызматтык кат келген. Ал катка ылайык, энергетика министри кызматына ким келбесин, ал министр катты караш керек болмок. Тапшырма ал долбоорго тиешелүү болгон. Анда суммасы да көрсөтүлгөн.

"28-майдагы кеңешменин күн тартибинде да борбор калаадагы ЖЭБди реконструкциялоо маселеси турган. "Электр станциялары" ААКсынын кеңешмесинде ТВЕА компаниясы менен кызматташууну улантуу сунушу айтылган. Кеңешмеге катышкандар ТВЕА компаниясын тандоону жактырышты. Ошондой эле президенттин тапшырмасы болгондон кийин, катышкандардын баары ал компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө макул болушту", - деди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий