• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Нарын облусундагы Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын тартылган техникалар иштеп жатат.

"Быйыл жалпы 14 чакырымды түзгөн Ача-Кайыңды – Калинин унаа жолунун 3 чакырымын асфальттоо каралган. Жумуштар июнь айында башталып, алгач жер иштери жүргөн. Азыркы тапта асфальт төшөө жумуштары башталып, 300 метрдей жол жасалды", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен кошумчалашкандай, бул жерде иштер жыйынтыкталган соң, Калинин – Жаңы-Күч айылдарынын ортосуна (3 чакырым) асфальт төшөө жумуштары башталат.

Пикир

Оставить комментарий