• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Азербайжан чек ара коопсуздугу жаатында кызматташууну талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев өлкөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Эльчин Исага оглы Гулиев менен жолугушту. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришти.

Жолугушууда эки өлкөнүн чек ара коопсуздугу жаатында кызматташуусунун келечеги талкууланды.

Эки тарап тең мамлекеттик чек араны коргоо жаатында активдүү өз ара аракеттенүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле кадрларды даярдоо жаатында кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду.

Эльчин Исага оглы Гулиев Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча төртүнчү Өкмөттөр аралык комиссиянын алкагында 2022-жылдын 16-августунда кол коюлган протоколго ылайык, Азербайжандын Чек ара аскерлеринин академиясында Кыргызстандын чек арачыларын окутуу үчүн квота бөлүүгө даяр экендигин билдирди. Бул биздин чек арачыларга өз милдеттерин натыйжалуу аткарууга жана чек араларыбыздын коопсуздугун камсыз кылууга жардам бере турган жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Тараптар чек ара коопсуздугу жаатында эки өлкөнүн ортосундагы байланышты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий