• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Өткөн суткада Кыргызстанда 24,5 миң адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Республикалык штаб 2021-жылдын 7-августуна карата COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөндөр боюнча маалымат берди.

Маалыматка ылайык, өткөн бир сутка ичинде 24 миң 575 адам эмдөөдөн өткөн, анын ичинен 11 миң 395 адам биринчи дозаны, 13 миң 189 адам экинчи дозаны алган.

Эскерте кетсек, өлкө боюнча жалпы 685 миң 412 адам эмдөө алса, анын ичинен 528 миң 609 адам биринчи дозаны, 156 миң 803 адам экинчи дозаны алган.

Пикир

Оставить комментарий