• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги СИЗО-1дин аймагына коронавирус инфекциясы тараган эмес - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы СИЗО-1дин аймагына коронавирус инфекциясы тараган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, СИЗО-1де иштеген кызматкердин илдетти жуктурганы 10 күн мурун эле аныкталган.

"Кызматкер менен байланышта болгондор медкөзөмөлгө алынган. СИЗО-1дин аймагына инфекция кирген эмес. Анткени ал кеңседе отуруп иштеген кызматкер болгон. Анын үй-бүлөсү жана байланышта болгон жарандарда илдет табылган жок", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1117ге жетти. Алардын ичинен 248и медицина кызматкери. Илдеттен 783 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий